• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мобилдик батальондун кызматкерлери каракчылык жасашкан шектүү жарандарды кармашты

Коом 0

Бишкек, 13.03.18 /Кабар/. 2018-жылдын 11-март күнү “102” кызматына каракчылык фактысы боюнча маалымат келип түшкөн.

Бишкек ШИИББ басма сөз кызматы билдиргендей, окуя болгон жерге мобилдик батальондун экипажы барышкан.
Ушул жылдын 8-мартына караган түнү белгисиз эки жарандар (аял кишилер) үйгө кирип келишип, жабырлануучуну коркутуп, күч колдонуу менен 15 миң сомун алып кетишкен.
Андан соң, 11-мартка караган түнү ошол эле үйгө кайрадан келишип, акча талап кылышкандан кийин жабырлануучу милицияга кайрылган.
Кылмышкерлердин изи сууй элегинде мобилдик батальондун кызматкерлери тарабынан каракчылык жасашкан кыздар кармалган. Шектүүлөрдү кармоо учурунда милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүшкөн.
Бул факты боюнча Свердлов РИИБнин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кождексинин 167-берене (Каракчылык) жана 341-беренери (Бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү) менен кылмыш иши козголду.
Кармалган 1993-жылы туулган С.Г.жана 1989-жылы туулган Я.О. аттуу жарандар Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына камалышып, иликтөө иштери улантылып жатат.

Пикир

Оставить комментарий