• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Монголия: Бир жылда 7 миңдей чакырым жол жүргөн карышкыр рекорд койду

Дүйнө 0

Бишкек, 06.11.19. /Кабар/. Монголиядагы боз карышкыр бир жыл ичинде 7 миңден ашык чакырым жол жүрүп рекордду жаңыртканын Nature басылмасы билдирет.

Мындай изилдөөнү Аляскадагы Арктиканын улуттук парк жана коруктун биологу Кайли Джоли баштаган эл аралык окумуштуулар тобу жүргүзгөн.

Адистердин айтымында, негизинен узун жолду бугулар басып өтөт.

Бирок бул жолу рекордду Монголиядагы карышкыр койду. Ал бир жыл ичинде 7247 км жол жүргөн. Жырткычтын узак жол жүрүшүнө адамдардын ишмердүүлүгү таасир эткен.

Пикир

Оставить комментарий