• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Монголия парламентинин төрагасы Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү менен таанышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 27.02.24. /Кабар/. Бүгүн, 27-февралда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин коштоосунда Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын Төрагасы Гомбожавын Занданшатар кыргыз парламентинин ишмердүүлүгү менен таанышты.

Ардактуу коноктор Жогорку Кеңештин жыйындары өтчү залды көрүп, отурумдардын жүрүшү боюнча маалымат алышты.

Төрага Нурланбек Шакиев 85 жылдык тарыхка ээ кыргыз парламенти тууралуу сөз кылып, башкы мыйзам чыгаруу органынын ишиндеги өзгөчөлүктөр жөнүндө айтып берди.

Белгилей кетсек, күн мурун, 26-февралда Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын (парламентинин) төрагасы Гомбожавын Занданшатар Кыргызстанга расмий иш сапары менен келген.

Пикир

Оставить комментарий