• 88.68
  • 95
  • 0.95

29-февралда Бишкектин үч конушунда суу өчүрүлөт

Коом 0

Бишкек, 27.02.24. /Кабар/. Бейшемби, 29-февралда Бишкектин үч конушунда суу өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлайт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 29-февралда саат 09:00дөн 20:00гө чейин Ак-Жар, Ак-Бата, Келечек конуштарындагы турак үйлөрдө, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттык сактоо объектилеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат.

Ичүүчү суу «Ак-Жар», «Ак-Бата» суутоптомолорунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлмөкчү.

Бишкек мэриясы жаратылган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышыңарды суранат.

Пикир

Оставить комментарий