• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эмгек министри: Ар бир өзгөчө баланы камкордук менен курчоо маанилүү

Коом 0

Бишкек, 26.12.23. /Кабар/. Бүгүн эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Беловодскийдеги психневрологиялык социалдык стационардык мекемесинин балдарын келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктады.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, азыркы учурда интернатта 203 бала жашайт, алардын 126 – балдар, 77 – кыздар.

"Президенттин жана министрлер кабинетинин төрагасынын тарабынан өзгөчө балдарга көңүл бурулууда. Өткөн жылдан бери тамак-ашка бөлүнгөн каржылоонун көлөмү жогорулап, балдардын рационуна мөмө-жемиштерди, ширелерди жана токочторду көбүрөөк киргизүүгө мүмкүндүк берди.

Министрлик өз кезегинде биздин интернаттардагы балдарга кызмат көрсөтүүнүн сапатын, жашоо шартынын сапатын, бөлмөлөрдүн жылуулугун, тамак-аш, дары-дармек, оюнчуктар менен камсыз болушуна көзөмөл жүргүзүп келет. Мамлекет ар бир баланы өзгөчө камкордукка, коргоого жана көңүл бурууга аракет кылат", - деди Гүлнара Баатырова.

Министр балдарга куттуктоосун айтып, жаңы жылдык белектерди тапшырды.

Ошондой эле балдар үчүн майрамдык концерт уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий