• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Москвада Ч.Айтматовдун элесине арналган «Евразиялык биримдик кубогу» турнири өттү

Коом 0

Бишкек, 31.12.19. /Кабар/. 28-29-декабрда Москва шаарында Кыргызстандын Россиядагы элчилиги жана Москва шаарындагы кыргыз диаспорасынын Спорт боюнча федерациясынын катышуусунда ЕАЭБ жана КМШга мүчө-өлкөлөрдүн диаспоралык уюмдарынынын спорттук командаларынын арасында Ч.Айтматовдун элесине арналган «Евразиялык биримдик кубогу» аттуу эркектер жана кыз-келиндер арасында волейбол боюнча турнир өткөрдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бул спорттук иш-чаранын максаты улуттар аралык жана достук мамилелерди бекемдөө, сергек жашоону жана боордош элдердин евразиялык руханий жакындыгын даңазалоо болду.

Эл аралык турнирге жалпысынан 26 футболдук команда катышты, алардын ичинде Азербайжандан, Тажикстандан келген жана Москва шаарындагы Тыва диаспорасынын командалары, ошондой эле Россиянын аймактарынан, Екатеринбург, Новосибирск жана Санкт-Петербург шаарларынан волейбол боюнча курама командалары, мындан сырткары, Москва шаарындагы кыргыз диаспорасынан топтолгон 26 команда оюндарын көргөзүштү.

Ч.Айтматовго арналган турнирдин байге фондусу 1-орун үчүн – 100 миң рубль, 2-орун – 70 миң рубль, 3-орун – 50 миң рублду түздү.

Волейбол боюнча адистердин жана судьялардын баасы боюнча бардык катышуучулар жогорку адистик деңгээлдеги оюн көргөзүштү.

Эл аралык турнирдин жыйынтыгы боюнча Ч.Айтматов Кубокторуна 100 миң рубль байгеси менен жогорку деңгээлде оюн көргөзгөн эркектер арасында "Ысык-Көл" командасы ээ болду, 2-орунга – "Беш Таш" курама командасы; 3 – орунга - "Нур-2" (Тажикстан) командасы чыкты, ал эми кыз-келиндер арасында байгелүү 1-орунга "Ала-Арча" курама командасы ээ болду, 2 - орунга –"Ак-Буура" курама командасы, 3 -орунга "Мундуз" курама командасы ээ болушту.

Турнирдин жүрүшүндө мыкты оюнчу, чабуулчу, машыктыруучу, судьялар, ошондой эле уюуштуруучулар элчилик тарабынан белгиленип, Ардак грамоталар менен сыйланышты.

Мындан сырткары, элдер арасында достук, ынтымак, боордоштук мамилелерди бекемдөө жана ЕАЭБ жана КМШга мүчө-өлкөлөрдүн диаспоралык уюмдарынынын спорттук командаларынын арасында Ч.Айтматовдун элесине арналган «Евразиялык биримдик кубогу» футбол жана волейбол боюнча турнирди ийгиликтүү өткөргөндүгү үчүн уюштурууларга Евразия элдеринин ассамблеясынын Ыраазычылык каттары тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий