• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте эки күн кайрымдуулук спектакли өтөт

Коом 0

Бишкек, 19.03.24. /Кабар/. Бишкек шаарында 20-мартта жана 23-мартта А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын сахнасында «Үч кичинекей торопой» кайрымдуулук спектакли болот.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 20-мартта өтчү спектаклде чогулган каражат рак менен ооруган балдарга жардам берүү «Help the children» коомдук фондуна которулат.

Ал эми 23-мартта өтө турчу спектаклге кайрымдуулуктун негизде балдар үйлөрүнүн жана адистештирилген көмөкчү мектептердин жана Кыргызстандын облустарынын тарбиялануучулары чакырылган.

Иш-чаран “Антре” жоопкерчилиги чектелген коому уюштурууда.

Толук маалымат алуу үчүн төмөнкү телефондор аркылуу кайрылсаңыздар болот: 0501 171 110; 0555 777 594.

Маалымат үчүн: 2016-жылдан 2024-жылдар аралыгында “Антре” балет мектеп-студиясы Россияда, Казакстанда, Өзбекстанда, Түркияда (ABF), Францияда (ЮНЕСКО), Америкада (YAGP) эл аралык сынактарга катышкан. Ал ар дайым байгелерди жана Гран-прилерди алып, Кыргызстандын жана борбор калаанын социалдык долбоорлоруна активдүү катышкан.

Пикир

Оставить комментарий