• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Москвадагы авиакырсыкта мерт болгондордун арасында тажик жараны да бар

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 07.05.19 /Кабар/. Тажикстан жараны Фатхуддин Курбонбекзода "Аэрофлот" авиакомпаниясына таандык "Сухой Супержет" учагындагы кырсыктан каза болду. Бул тууралуу Тажикстандын Эмгек, миграция жана калкты иш менен камсыздоо министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгү кабарлады.

Орусиянын Тергөө комитети жекшемби күнү кечинде Шереметьево аэропортунда кырсыкка кабылган "Сухой Супержет" учагынында 78 киши баратканын билдирди. Алардын бешөө экипаж мүчөсү. Кырсыктан 41 адам мерт кетти.

28 жаштагы Фатхуддин Курбонбекзоданын тажик жана орус жарандыгы болгон. Тажикстандын Эмгек, миграция жана калкты иш менен камсыздоо министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгү маркумдун туугандары менен байланышып жатат. Жакын арада анын сөөгү мекенине жөнөтүлөт.

Кырсыктан 37 киши аман калды. "Аэрофлот" алардын аты-жөнүн жарыялады. Беш киши ооруканада, алардын ичинен экөөнүн абалы оор. Экипаждын төрт мүчөсү да аман.

5-майда кечки саат алтыда асманга көтөрүлгөн "Аэрофлот" авиакомпаниясынын "Sukhoi Superjet" учагы жарым сааттан кийин авариялык абалдан улам кайра конууга аргасыз болгон. Интернетке тараган видео тасмаларда куйругу жалындап күйүп, коюу кара түтүн чыккан учак аба бекетине токтоп жатканын көрүүгө болот. Жүргүнчүлөр сыртка 55 секунданын ичинде үйлөнгөн трап менен сыйгаланып чыгарылган. Бул өтө тез болгону менен алардын баарын куткарууга мүмкүн болгон эмес.

Маалымат каражаттары жүргүнчүлөргө таянып, учакка чагылган тийгенин кабарлап жатышат. Пилот Денис Евдокимов да асманда баратканда учакка чагылган тийген деген маалыматты ырастаган. Ошондон кийин учактын айрым шаймандары иштебей, жер менен байланыш үзгүлтүккө учураган. Пилоттор авариялык конуу тууралуу чечим кабыл алышкан. Бирок асманда баратканда өрт болгон эмес.

Учкучтун сөзүнө караганда, учактын конушу бардык эреже жана талаптар боюнча ишке ашкан, ылдамдык да чектен жогору болгон эмес. Бирок конуу учурунда учак жерге үч жолу катуу урунуп, май чачырап, ошол кезде жалын тутанган. Ошентсе да кырсыктын так себеби расмий айтыла элек.

Пикир

Оставить комментарий