• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

МСК январда 22,3 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту

Экономика 0

Бишкек, 13.02.24. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы 2024-жылдын январында 22 млрд 373,3 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту.

МСКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, белгиленген план 1 млрд 88,3 млн сомго ашыгы менен аткарылды.

2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,5 млрд сомго көп жыйналган.

Анын ичинде 16 млрд 498,7 млн сом суммасында салык жана төлөмдөр жыйналып, план 3,7 млн сомго ашыгы менен аткарылды. Бул 2023-жылдын январь айына салыштырмалуу 3,2 млрд сомго көп.

Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча чогултулган сумма 5 млрд 874,6 млн сомду түздү. Белгиленген пландан 1 млрд 84,6 млн сомго көп жыйналды.Бул өткөн жылдын көрсөткүчүнөн 1,2 млрд сомго көп.

Пикир

Оставить комментарий