• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мугалимдердин айлык акысын эсептөө толук автоматташтырылат — министрлик

Коом 0

Бишкек, 29.10.19. /Кабар/. Өлкөбүздүн мектептеринде жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде мугалимдердин жана кызматкерлердин айлык акысын эсептөө толук автоматташтырылат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Октябрь айынан баштап мектептерде, бала бакчаларда, балдар чыгармычылык борборлорунда, баштапкы кесиптик-техникалык окуу жайларда иштеген мугалимдердин жана кызматкерлердин айлык акысы 30 пайызга көбөйтүлдү. Ар бир мугалимге айлыктарын жана кошумча маяналарын так жана туура, ачык-айкын эсептөө үчүн бардык билим берүү бөлүмдөрүндө кызуу иштер жүрүп жатат. Мугалимдер өздөрүнүн айлык акыларынын көбөйтүлүшү боюнча тиешелүү бухгалтериялардан тактап маалымат алышууда.

"Ноябрдын башталышында ар бир мугалим көбөйтүлгөн айлык акынын көлөмүн сезилээрлик билет. Санариптештирүү жылынын алкагында, жакын арада министрлик мектеп мугалимдеринин айлык акысын эсептөөнү толук автоматташтырууга өткөрөт. Учурда бул багытта даярдык иштери жүрүп, программалык камсыздоо үчүн техникалык талаптар иштелип чыкты", - деп кошумчалашты министрликтен.

Ноябрь айынан баштап бул система Ысык-Ата районунун, Түп районунун жана Жалал-Абад шаарынын билим берүү башкармалыктарында пилоттук негизде апробациядан өтөт. Ал эми өлкөбүздөгү ушуга тиешелүү бардык бухгалтерия кызматкерлери семинар-окуулардан өтүшөт.

2020-жылдын 1-январынан баштап республикабыздагы бардык мектептерде, бала бакчаларда, кесиптик лицейлерде, балдар чыгармачылык борборлорунда айлык акыларды берүү иши толук автоматташтырылган форматка өтөт.

"Айлык акыларды автоматташтырууга өткөрүү менен эмгек акыга каралган каражаттарды эффективдүү, максаттуу колдонууга шарт түзүлөт. Ошондой эле негизсиз маяна алып жүргөндөр ачыкка чыгат жана бухгалтердик эсепти так жүргүзүүгө жол ачылат. Тиешелүү текшерүү органдары берген кемчиликтер ордуна келет жана ар бир мугалим эмгегине жараша айлык акы алат. Бухгалтериялык ишмердүүлүк өркүндөтүлөт", - деп билдиришти министрликтин басма сөз кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий