• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мурдагы сот Жаркееванын иши: Соттук отурум жылдырылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.03.20 /Кабар/. Бүгүн, 17-март күнү Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Свердлов райондук сотунун мурдагы соту Элвира Жаркееванын иши боюнча отурум өтүүдө.

Отурумда өзүнчө бөлүнүп алынган иштин материалдары каралды. Отурум жылдырылып, кийинки процесс 24-мартта өтөт.

Отурумда тараптар, Воинов фигурант болгон, өзүнчө бөлүнүп алынган иштин материалдары менен таанышууга өтүштү. Сот билдиргендей, ал каралып бүткөндөн кийин жактоочуларга документ менен таанышууга уруксат берүү маселеси каралат.

Эскерте кетсек, Жаркеевага Кылмыш кодексинин 304 жана 328-беренелери боюнча айып тагылууда.

Пикир

Оставить комментарий