• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мыйзамсыз куш кармагандарга чаралар көрүлөт

Коом 0

БИШКЕК, 24.08.17. /Кабар/. Мамэкотехинспекция жана Ички иштер министрлигининин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы менен биргеликте мыйзамсыз жапайы кушту кармагандар аныкталды. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциянын басма сөз кызматы билдирди.

Жеринде куш тартып алынып, инспекторлор тарабынан тийиштүү кагаздар толтурулду. Учурда аталган куштун кайсы канаттууга кирээрин аныктоо боюнча Илимдер академиясына атайын кат жиберилди. Инспекторлордун айтымында, кушту алып жүргөндөргө карата чаралар, куштун канаттуунун кайсы түрүнө киргендиги аныкталган соң мыйзам чегинде чаралар көрүлөт. Ал эми бүгүнкү күндө куш убактылуу НАБУ кайра калыптандыруучу жайына өткөрүлүп берилди.

Эске сала кетсек, кызыл китепке кирген канаттууларды кармоого тыюу салынат. Бул багытта Мамэкотехинспекция тийиштүү кызматттар биргеликте канаттууларды коргоо боюнча иштерди күчөтүп жатат. Андыктан кимде ким мыйзамсыз кызыл китепке кирген канаттууларды мыйзамсыз кармаса административдик чаралардар сырткары, кылмыш иши козголушу мүмкүн экенин эскертет.

Пикир

Оставить комментарий