• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Шашылыш билдирүү: Тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу бар

Коом 0

Бишкек. 01.04.19 /Кабар/. Кыргызстандын тоолуу райондорунда 1-апрелден 4-апрелге чейин кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталып, жолдордун айрым жерлери тайгак болуп муз тоңот. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 72-74 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 80-130 чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат авто унаа жолунун 43-44 чакырымдарындагы (Йири-Суу участкасы), Каракол-Эңилчек авто унаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 45-92 чакырымдарында кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдордун айрым жерлери тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы кыймылдын чектелиши 500 метр аралыкты камтышы зарыл.

4-6-апрелдерде Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Пикир

Оставить комментарий