• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарын облусунда жаңы туристтик жол белгилери пайда болду

Аймак 0

Бишкек, 24.11.23. /Кабар/. Нарын облусунда жаңы туристтик жол белгилери пайда болду, деп билдирет Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдиришти.

Нарын, Ат-Башы жана Ак-Талаа райондорундагы белгилер Таш-Рабат, Соң-Көл, Чатыр-Көл, Көл-Суу көлдөрүнө, Кажырты шаркыратмасына, Каратал-Жапырык коругуна, Эки-Нарын капчыгайына жана башка популярдуу жерлерге чейинки аралыкты көрсөтүп турат.

Туристтик жол белгилерин Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду маалыматтык навигация долбоорунун алкагында орнотууда. Анын алкагынжа Нарын облусуна жалпысынан 16 белги орнотулду. Келечекте алар өлкөнүн бардык аймактарында пайда болот.

Пикир

Оставить комментарий