• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Нарын облусунун Ат-Башы районунун коменданты Уланбек Аалиев облус тургундарына кайрылуу жасады

Аймак 0

Бишкек, 11.05.20. /Кабар/. Нарын облусунун Ат-Башы районунун коменданты Уланбек Аалиев облус тургундарына кайрылуу жасады

"Урматтуу Нарын облусунун тургундары жана коноктору 15-апрелден баштап, ушул күнгө чейин мурда кийин башыбыздан өткөрбөгөн оор учурду бирге өткөрдүк. Биринчиден, биз койгон талаптарды так аткарып, мыйзамга баш ийген облустун жашоочуларына ыраазыбыз. Силер өзгөчө абалдын эрежесин гана сактабастан ага туруштук бердиңер. Баарыңар кылып жаткан ишиңерди токтотуп, коронавирус илдети коркунучтуу экенин, андан үйдө болуп гана сактануу керек экенин түшүнүп, биздин кээ бир ылайыгы келбеген талаптарга баш ийип бердиңер. Мына азыр баарыбыз жапа тырмак кылган ишибиз жакшы жыйынтык болуп, облус илдетти жеңип келе жатат. Облуска кирген өзгөчө абал учурунда Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун комендантурасынын алдында түзүлгөн топтор тынымсыз иштеди. Алар күнү-түнү байланышка чыккан 2 миңден ашык жаранрдын суроолоруна жооп берди. Ошондой эле облуста мамлекеттик жана жеке уюмдар максаттуу иш алып барып, облус боюнча 26 миң 428 адамга жардам көрсөтүлдү", - деди ал.

Анын айтымында, алар аткарган иште кемчиликтер кетпей койгон жок.

"Аны туура түшүнүү менен кабыл аласыздар деп ойлойм. Бул илдет менен алышууда милиция кызматкерлерине айылдардагы жергиликтүү калктан чогулган атайын элдик кошуундар чоң жардам көрсөтүштү. Алар жеңилди жерден, оорду колдон алып турушту. Өлкөбүздүн эң башкы максаты болгон калктын саламаттыгын сактоодо Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, райондук мамлекеттик адаминстрациялар, шаардык мэриясы ар тараптуу шарттарды түзүп, Нарын шаары, Кочкор, Жумгал, Ат-Башы. Ак-Талаа, Нарын райондорунун ички иштер бөлүмдөрү, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмдөрү, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана медицина кызматынын кызматкерлери күнү-түнү кызмат өтөштү. Убакыт келип Нарын облусунун Ат-Башы районунун комендантурасы өз ишин токтотту. Баардыгыңыздарга ден соолук, бакубат жашоо каалаймын. Сый урмат менен мамиле кылган ишибиздин жыйынтыгы жакынкы күндө чыгып, облус эли бул вирусту жеңет деп ишенем", - дейт Аалиев.

Пикир

Оставить комментарий