• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Жалал-Абад–Андижан ГЭС" аба чубалгысында оңдоп-түзөө жумуштары жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 27.09.23. /Кабар/. "Жалал-Абад–Андижан ГЭС" аба чубалгысында утурумдук оңдоп-түзөө жумуштары жүргүзүлдү, деп билдирет Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, оңдоо иштери Өзбекстандын энергетиктери менен чогуу жүргүзүлгөн.

"Эки өлкөнүн энергетиктери 110 кВ "Сардар - Шекафтар" аба чубалгысын биргеликте карап чыгышты. Аба чубалгынын узундугу 38 чакырымды түзсө, анын 14 чакырымы биздин аймагыбызда. Мында 322 даана изолятор алмаштырылды. Андан сырткары, зымдардын бириккен жерлериндеги байланыштарын бекемдөө, электр зымдардын үстүнөн текшерүү иштери жүргүзүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий