• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Нарын облусунун Туз айылындагы мектептин курулушу жаңы окуу жылына бүткөрүлөт

Аймак 0

Бишкек, 19.08.21. /Кабар/. Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Туз айылында Жунушаалы кызы Сайнап атындагы мектептин курулушу 2021-жылдын 1-сентябрына бүткөрүлөт.

Мамкурулуш агенттигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, аталган мектептин курулушу 2019-жылы башталган.

Жаңы мектеп эки кабаттуу окуу корпусунан, спортзалдан жана өткөөл галереядан турат. Жалпы аянты 1786,5 м2 түзүп, билим берүү объектинин долбоордук кубаттуулугу 225 окуучу орунга эсептелген.

Бүгүнкү күндө негизги курулуш жумуштары аягына чыгып, объекттин курулуш даярдыгы 92% түзөт. Азыркы мезгилде подряддык уюм тарабынан мектептин спорттук залынын ички жана сырткы жасалгоосу жана мектептин айланасын көрктөндүрүү иштери жүрүүдө.

Белгилей кетсек, аталган объекттин сметалык наркы 58 млн 300 миң сомду түзөт. Быйылкы жылы бүткөрүү үчүн 14 млн 800 миң сом бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий