• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарында "Билимдүү жаштар экстремизмге каршы" аталышындагы форум өттү

Аймак 0

Бишкек, 22.01.20. /Кабар/. Кечээ, 21-январда Нарын шаарында "Билимдүү жаштар экстремизмге каршы" аталышындагы форум өттү. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Аталган форум Нарын шаарындагы Ж.Шералиев атындагы балдар искусство мектебинин жыйындар залында өткөрүлдү.

Иш-чарага Нарын ОИИБнын башчысы У.Аалиев, өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмил Алымкулов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, облустагы укук коргоо органдарынын жетекчилери, жогорку окуу жайлардын ректорлору, атайын орто окуу жайлардын, кесиптик билим берүү мекемелеринин башчылары, саламаттык сактоо кызматынын өкүлдөрү, аксакалдар кеңеши жана башкалар катышты.

Иш-чаранын максаты – жаштар арасында экстремизмди жана терроризмди алдын алуу боюнча жергиликтүү бийликтин, укук коргоо органдарынын тиешелүү мамлекеттик органдардын ортосунда иш-аракеттерди күчөтүү менен бирге натыйжалуу чечимдерди иштеп чыгуу болуп эсептелет.

Форумда жаштар арасында диний экстремизмди, радикалдашууну алдын алуу жана үй-бүлөлүк зомбулук, жашы жете электерге, аялдарга жана калктын аярлуу катмарына карата жасалган зордук-зомбулуктарды алдын алуу маселеси каралды.

Пикир

Оставить комментарий