• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкектен Ошко авиакаттамдардын саны көбөйтүлдү

Аймак 0

Бишек, 07.09.22. /Кабар/. Бишкектен Ош шаарына авиакаттамдардын саны көбөйтүлдү. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропорту" ААКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, "Тез Жет" авиакомпаниясы Бишкек-Ош-Бишкек багыты боюнча кошумча үч каттам ачты.

Буга чейин Ош шаарына жумасына 58 каттам аткарылып келген.

Жүргүнчүлөрдү үч ата мекендик авиакомпания тейлеп келет – "Тез Жет", "Авиа Траффик Компани" жана "Аэро Номад Эйрлайнс".

Пикир

Оставить комментарий