• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Энергетиктер Чүй облусунда күз-кыш мезгилине карата даярдыктар иштерин жүргүзүүдө

Аймак 0

Бишкек, 16.04.24. /Кабар/. Энергетиктер Чүй облусундагы Панфилов жана Чалдыбар айылдарында күз-кыш мезгилине карата даярдыктар иштерин жүргүзүүдө, деп билдирет Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы.

Ведомствонун маалыматына караганда, бүгүн, 16-апрелде пландаштырылган иштеринин алкагында төмөндөгүдөй иштер жүрдү:

Панфилов айылы:

  • Авариялык өчүрүүлөрдү алдын алуу иштеринин алкагында аба чубалгыларына тийип калган бак бутактарын кесүү иштери;

Чалдыбар айылы:

  • №188-трансформатордук көмөкчордонду капиталдык оңдоо иштери жүрдү.

2024-жылдагы коюлган планга ылайык Панфилов районунда төмөндөгүдөй иштер жасалат:

  • 7,6 чакырым изоляцияланган СИП аба чубалгыларын тартуу;
  • 118 даана электр мамысын алмаштыруу;
  • 49 даана трансформатордук көмөкчордонду капиталдык оңдоодон өткөрүү;
  • 56 чакырым аба чубалгыларын оңдоо;
  • 299 даана трансформатордук көмөкчордонду техникалык жактан тейлөө;
  • 722 чакырым аба чубалгыларын техникалык жактан тейлөө;
  • 98 чакырым аба чубалгыларына тийип калган бак бутактарын кесүү;
  • 1 даана кошумча трансформатордук көмөкчордон орнотуу.

Пландаштырылган оңдоп-түзөө иштери убагында эртең менен саат 09:00дөн кечки саат 17:00гө электр энергиясы үзгүлтүккө учурайт.

Оңдоп-түзөө иштери кайсы аймакта, качан болору тууралуу маалымат Чүй электр тармактар ишканасынын официалдуу сайтына http://chupes.nesk.kg/ru/ жана Facebook, Instagram социалдык тармактарындагы баракчаларына жайгаштырылат. Ошондой эле “Мой свет” мобилдик тиркемеси аркылуу да билдирүүлөр келет.

Бул иштер келе жаткан күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өтүү үчүн жасалууда жана керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоо сапатын жакшыртат.

Электр энергиясына байланыштуу кошумча суроолор боюнча: 105, 1209, 0772001209, 0702001209, 0556001209 (WhatsApp).

Пикир

Оставить комментарий