• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Өлкө жетекчилиги менен макулдашылган – Бишкек мэри Ататүрк парк боюнча чечим тууралуу

Коом 0

Бишкек, 16.04.24. /Кабар/. Бүгүн маалымат жыйынында Бишкек мэрине Ататүрк паркынын чек арасын бекитүү боюнча тарыхый чечимди кабыл алууда өлкө жетекчилигинин саясий колдоосу барбы деген суроо узатылды.

Айбек Жунушалиев Ататүрк сейил багы боюнча чечим Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан кабыл алынып, өлкө жетекчилиги менен макулдашылган.

Бүгүнкү күндө паркта жайгашкан объектилердин ээлерине билдирүүлөр жөнөтүлүүдө. Муниципалитет тарабынан ыкчам чаралар көрүлөт.

«Бизде бардыгын бузуу же объекттердин жарымын калтыруу милдети жок. Баары мыйзам чегинде Кыргыз Республикасынын бекитилген мыйзамдарынын алкагында болот. Биз бул маселелерди сот аркылуу чечүүгө даярбыз. Айрым объектилер боюнча сот органдарына, укук коргоо органдарына кайрылууга туура келип калышы мүмкүн», - деп белгиледи Жунушалиев.

Шаар башчысы Бишкек шаардык мамлекеттик администрациясынын 1992-жылдын 25-июнундагы № 225 “СССРдин 50 жылдыгы “сейил багынын аймактарын сейил бактардын жана эс алуу зоналарынын шаардык бирикмесине утурумдук күтүү жана көрктөндүрүү үчүн пайдаланууга бекитүү жөнүндө” токтомунда сейил бактын чек араларына тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилбестен жер тилкелери берилгенин кошумчалады.

"Компенсацияга байланыштуу бардык маселелер дагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында каралат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий