• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош: Эл аралык маданий иш-чаралар сүмөлөк ачуу шааниси менен башталды

Аймак 0

Бишкек, 20.04.19. /Кабар/. Бүгүн, 20-апрелде «Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» эл аралык маданий иш-чаралары Ош шаарынын мэринин атынан даярдалган сүмөлөктү ачуу шааниси менен башталды.

Анда сүмөлөктү ачуу алдындагы көрүнүштөр, айтылчу каалоо-тилектер келген конокторго маалымат иретинде айтылды.

Ага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун Башкы катчысы Дюсен Касеинов баштаган расмий коноктор, Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов жана түрк тилдүү өлкөлөрдөн келген маданият министрлеринин орун басарлары, элчилер катышты.

Кийинки иш-чаралар Ош шаарынын борбордук аянтында уланат.

Пикир

Оставить комментарий