• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Нарында муктаж жарандарга кесиптик билим берүү боюнча иштер башталат

Аймак 0

Бишкек, 07.04.22. /Кабар/. Нарын облусунда социалдык колдоого муктаж жарандарга кесиптик билим берип, ишке орноштуруу аракеттери жүрүп жатат. Бул тууралуу КР президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Бул боюнча Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнун Улуттук программасынын алкагында “Доор” коомдук фонду жана КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн биргелешкен аракети менен иштер башталды.

Алгач облустун аймагындагы өтө жакыр үй-бүлөлөргө мониторинг жүргүзүлүп, кимдин кайсы кесиптик билимди ала турган мүмкүнчүлүгү аныкталат. Андан кийин жарандарга өздөрүнүн аймагындагы кесиптик лицейлерден кесиптик билим алууга жана аларды жумушка орноштурууга шарттар түзүлөт.

Кечээ, 5-апрелде бул маселе КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө өткөн жыйында талкууланды. Жыйында ыйгарым укуктуу өкүлдун орун басары Элмира Садыкова аталган маселени ишке ашыруу боюнча акимдердин жана мэрдин орун басарларына, кесиптик окуу жайлардын, муниципалдык ишке орноштуруу кызматтарынын өкүлдөрүнө тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий