• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарында облус жетекчисинин балаты майрамы өттү

Аймак 0

Бишкек, 22.12.23. /Кабар/. Бүгүн президенттин Нарын облустундагы өкүлү Алтынбек Эргешовдун бөбөктөргө арналган балаты майрамы өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Жаңы жылдык балаты майрамы Нарын облустук М.Рыскулов атындагы академиялык музыкалык драма театрында өтүп, ага Нарын шаарынан жана Нарын районунан 200 бала катышты.

Облус жетекчиси бөбөктөргө жаңы жылдык каалоо-тилегин арнап, терең билим алууга, мыкты инсан болууга үндөдү.

Балаты майрамы “Щелкунчик” аталышындагы балет жомогу менен коштолду.

Соңунда бөбөктөргө ыйгарым укуктуу өкүлдүн жаңы жылдык белектери тапшырылды.

Өкүлчүлүктөн быйыл 800 балага ыйгарым укуктуу өкүл Алтынбек Эргешовдун жаңы жылдык белектери даярдалгандыгын кошумчалашты. Облус жетекчисинин балаты майрамдары ар бир райондо жеринде өткөрүлмөкчү.

Пикир

Оставить комментарий