• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарында өстүрүлгөн сафлор Кытайга экспорттолот. Меморандумга кол коюлду

Аймак 0

Бишкек, 06.09.22. /Кабар/. Нарында өстүрүлгөн сафлор Кытайга экспорттолот. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдирди.

Маалыматка ылайык, экспорттоо тууралуу меморандумга президенттин Нарын облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров менен “Борбордук Азия эл аралык өнүктүрүү компаниясы” ЖЧКнын башкы директору Юэ Хэфу кол койду.

“Биз Нарын облусунун экономикасын көтөрүүгө салым кошо турган инвесторлорго муктажбыз. Сиздер менен иштешүүгө, кийинки жылдары сафлор өсүмдүгүнүн аянттарын кеңейтүүгө кызыкдарбыз. Бул үчүн жер аянттары жана дыйкандардын мүмкүнчүлүгү жетет. Бир эле сафлорду кайра иштетүү эмес башка тармактарда да кызматташууга даярбыз”, - деди Сапаров.

Ал эми Юэ Хэфу сафлор Кытайда абдан жогору бааланарын белгиледи. "Май өндүргөндөн тышкары сафлордун гүлүнөн дары-дармектерди жасаса болот. Нарында сафлор өстүрүлүп жатканын угуп Кытайдагы жетекчибизге билдирдим. Андан кийин кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөр башталды. Бүткүл дүйнөлүк ден соолук борборунун тапшырмасы менен келдим”,- деди ал.

Ошондой эле инвесторлор Нарын дарыясына ГЭСтерди куруу, картошканы кайра иштетүү тармагында кызматташууга да кызыкдар экенин билдиришти.

Белгилүү болгондой, быйыл Нарында 400 гектардан ашык аянтка сафлор өсүмдүгү эгилип, май өндүрүү иши пландалып жаткан.

Пикир

Оставить комментарий