• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарында улуу ойчул Казыбек Мамбетемин уулунун 120 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өттү

Президент 0

Бишкек, 06.08.22./Кабар/. КР мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 6-августта Нарын облусунда улуу ойчул, ырчы Казыбек Мамбетемин уулунун 120 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдирди.

Сүйүнбек Касмамбетов өз сөзүндө Нарын эзелтен эле чыгаан таланттары менен атагы чыкканын белгиледи.

«Нарын – кыргыздын түпкү жашоосунун, тилинин түпкүлүгүн сактоочусу. Сиздерди кыргыз элинин чыгаан уулу, залкар ойчул жана ырчы Казыбек Мамбетемин уулунун 120 жылдык мааракеси менен куттуктап кетүүгө уруксат этиңиздер. Бүгүнкү мааракени агартуучулук иш-чара деп ишенимдүү айтсак болот. Бүгүн Казыбек Мамбетемин уулунун жаркын ысымын даңктоо жана даңазалоо эсте каларлык күн», - деди ал.

Иш-чаранын алкагында Нарын облустук М.Рыскулов атындагы академиялык музыкалык театры тарабынан даярдалган “Казыбек казалчы” спектакли көрсөтүлүп, төкмө акындардын айтышы тартууланды.

Пикир

Оставить комментарий