• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Некролог — Чыгаан обончу жана композитор Калыйбек Тагаев дүйнөдөн кайтты

Коом 0

Бишкек, 17.09.20. /Кабар/. Кыргыз маданияты орду толгус оор жоготууга учурады.

2020-жылдын 16-сентябрында 80 жаш курагында катуу оорудан улам Кыргыз Республикасынын эл артисти жана чыгаан обончу — композитор Калыйбек Тагаев дүйнөдөн кайтты.

Калыйбек Тагаев 1940-жылдын 14-апрелинде Нарын облусунун Ат-Башы районунун Бирлик айылында туулган. 1961-жылы Пржевальск мамлекеттик педагогикалык институтунун музыка бөлүмүн аяктаган.

Эмгек жолун 1961-1962-жылдары Ат-Башыдагы Ленин атындагы № 1 мектепте мугалим болуп иштеп баштаган.

1963-1969-жылдары Нарын музыкалык драма театрында артист, бөлүм башчы болуп эмгектенген. 1970-1974-жылдарга чейин

Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун теория жана композиция бөлүмүндө билимин жогорулаткан. Андан соң, 1974-жылдан республикалык эл чыгармачылык борборунда жетектөөчү адис катары эмгектенип, чыгармачылык жолун уланткан.

Калыйбек Тагаев 120дан ашык обондордун автору болуп калың элге кеңири таанылган. Обончулардын республикалык кароо-сынагынын жети жолку жеңүүчүсү болгон. Анын алтымышка жакын обондору Кыргыз радиосунун «Алтын казынасына» жазылып, учурда ободо үзгүлтүксүз берилип келет. «Долон», «Сенин элесин», «Ат-Башым», «Элмира», «Назгүлүм», «Көл вальсы» ж. б. ырлары элдик болуп ырдалып, угармандардын жүрөгүнөн түнөк тапкан.

Ошондой эле чыгармачылык жолунда обончулуктан тышкары өзүн актер катары сынап, көптөгөн ролдорун жогорку чеберчиликте аткарган. Аны менен катар бир нече ирет спектаклдерге музыка жазган.

Маданият жана кыргыз музыка искусствосуна кошкон салымы жогору байланып, 1992-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер», 1998-жылы «Кыргыз Республикасынын эл артисти» наамдары ыйгарылган.

Кыргыз маданиятын жана көркөм руханий дөөлөтүн өнүктүрүүгө зор салым кошкон көрүнүктүү инсан жана чыгаан обончу — композитор Калыйбек Тагаевдин жаркын элеси кыргыз элинин эсинде түбөлүккө сакталат.

Маркумдун үй-бүлөсүнө жана туугандарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

С. Ш. Жээнбеков, Д. А. Джумабеков, К. А. Боронов, Г. У. Калиева, А.Б. Баатырбеков, Д. А. Эсеналиев, Т. А. Темиралиев, А К. Жаманкулов, К. Б. Базарбаев, Ж. У. Саралаева, К. О. Иманалиев, А. А. Акматалиев, М. А. Бегалиев, М. М. Чотонов, Ш. Дүйшеев, Т. А. Чокиев, Т. Т. Казаков, А. Бөдөшев, К. И. Эралиева, Т. Актанов, Д. С. Баратбаева, А. Бедияров, М. Мамбетакунов, Г. Мамашева, Г. Момушева, З. Шаакеева, М. Дүйшекеева, С.М Садыкова, Э. Маданбеков, А.А. Өзүбеков.

Пикир

Оставить комментарий