• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Некролог – Калмаматов Жыргалбек Айтиевич

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 03.01.18 /Кабар/. Кыргыз журтчулугу оор жоготууга учурады. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты Калмаматов Жыргалбек Айтиевич 2018-жылдын 1-январынан 2-январына караган түнү 46 жашында дүйнөдөн мезгилсиз кайтты.

Жыргалбек Калмаматов 1972-жылдын 22-декабрында Ош областынын Алай районундагы Гүлчө айылында туулган. 1993-жылы Бишкек шаарындагы Финансы-экономикалык техникумунун «салык инспектору» адистиги боюнча бүтүргөн.

Өзүнүн эмгек жолун 1993-жылы бизнес чөйрөсүндө жеке ишкерликтен баштаган.

Ал 2002-2004-жылдары «Темир» мамлекеттик ишканасынын директору болуп иштеген.

Андан кийин 2004-2010-жылдары «Коңурат» ассоциациясынын башкы директору, кийинчерээк 2010-2015 –жылдары «Агромет» жоопкерчилиги чектелген ишканасында башкы директор болуп иштеп турган.

2015-жылы Кыргызстан саясый партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатыгына шайланган.

Үй-бүлөлүү, тогуз баланын атасы.

Өз журтунун чыныгы атуулу, мыкты ишкер жана эл өкүлү Калмаматов Жыргалбек Айтиевичтин элеси кыргыз элинин жүрөгүндө бекем сакталат. Анын үй-бүлөсүнө, жакындарына көӊүл айтуу менен, аза кайгыларын теӊ бөлүшөбүз. Маркумдун жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!

Жумабеков Д.А., Исаков С.Ж., Токбаева А.А., Ниязов Ф.А., Момуналиев Н.С., Абулгазиев М.Д., Салиев А.А., Бекбоев Т., Абдылдаев М.А., Темирбаев А.М., Кодуранова А.С., Өмүрбекова А.С., Абдыгулов Т.С., Зилалиев Д.Т., Султанбекова Ч.А., Кенекеев Д.А., Абдылдаев М.Ю., Абжалиев А,Т., Айдаров С. А., Айнакулов М.А., Акаев Ж. К., Акматов А.Ж., Алимбеков Н. К., Алтыбаева А. Т., Алтынбеков А., Аманкулов М.А., Арапбаев А.А., Артыкбаев О.М., Артыков А., Асылбаева Г.К.,Асылбек уулу Дамирбек, Аттокуров Д.Б., Баатырбеков А. Б., Бабанов Ө.Т., Байбакпаев Э.Ж., Баймуратов К. Ш., Бакиров М. И., Бакчиев Ж. А., Бекешев Д.Д., Бокоев К.С., Гайпкулов И.Т., Жураев С.М., Жамалдинов З. И., Жамангулов А. Ж., Жапаров А.У., Жеенчороев М.К., Жетигенов Б.Ж., Жолдошбаев К., Жумалиев К. М., Жунус уулу Адыл, Жунус уулу Алтынбек, Жутанов А.Т., Жээнбеков А Ш., Зулпукаров Т.З., Зулушев К. Т., Ибраимжанов Б.С., Икрамов Т. И., Иманалиев К. К., Иминов Ф.А., Исаев К. К., Исаева Д. Ш., Исаков М.А., Исмаилова А.Ж., Казакбаев Р.А., Калмаматов Ж.А., Карамушкина И.Ю., Карашев А. А., Каримов Н.Т., Касымалиева А.К., Керезбеков К. К., Конушбаев Т. К., Кулбараков А.И., Кыдыралиев У.Т., Мавлянова М. Э., Мадеминов М. Г., Макеев Н. К., Маматов А., Мамашова А. Т., Мамытов Т.Т., Маннанов И.А., Масабиров Т. А., Масалиев И.А., Матраимов И. И., Молдобекова Г. С., Момбеков Р.Ч., Мусабекова Ж.А., Назаров А.К., Никитенко Н.В., Нурбаев А.М., Нурматов К.С., Нышанов С. К., Өмүркулов И. Ш., Ормонов У.З., Орозова К. Б., Осмонова А. Ш., Пирматов И. А., Примов У.Б., Райымкулов Б.К., Рысалиев З. К., Рыспаев К.Ж., Сабиров М.Э., Салянова А. Ж., Самаев У.О., Самигуллина А.Э., Сарсейитов И.З., Строкова Е.Г., Субанбеков Б.Ж., Сулайманов А.Т., Сулейманов Б.И., Султанов А.М., Сурабалдиева Э.Ж., Сыдыков Б.У., Тиллаев Т.Г., Токторов А.С., Токтошев Э.Т., Төлөнов Д.Э., Төрөбаев Б.Э., Төрөкулов Д.Г., Тулендыбаев П.Р., Туманбаева Р.М., Турсунбаев А.А., Турсунбеков Ч.А., Турускулов Ж.К., Узакбаев А.О., Чудинов И.В., Шайназаров Т.У., Шарапов З.Э., Шер-Нияз С., Шыкмаматов А.Н., Эгембердиев М.Б., Эргешов А.М., Юсуров А.Л., Ибраев С.К.

Пикир

Оставить комментарий