• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Некролог – КР эл артисти Валентина Гилка дүйнөдөн кайтты

Коом 0

Бишкек, 19.12.21 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын маданият тармагы орду толгус жоготууга учурады.

2021-жылдын 18-декабрында 80 жаш курагында Кыргыз Республикасынын эл артисти Валентина Гилка узакка созулган оорудан кийин дүйнөдөн кайтты.

Валентина Григорьевна 1941-жылы 23-ноябрда Украина ССРинин Донецк шаарында туулган.

1958-жылы Днепропетровск театралдык окуу жайынын режиссердук факультетине тапшырган. 1964-жылы Харьков театралдык институтун аяктап, Закарпатский драма театрынын труппасына актриса катары кабыл алынган. Кийин Белгород, Астрахань, Иваново, Свердловск театрларында актриса болгон.

Валентина Григорьевна 1975-жылдан бери Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрында эмгектенип келген. Көрүнүктүү актриса өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин режиссер жана продюсер катары чыгармачылык ишмердүүлүгүн уланткан.

Белгилүү актриса көптөгөн ролдорду, образдарды жараткан. Алардын ар бири көрүүчүлөрдүн жана кесиптештеринин эсинде чеберчиликтин, театрга, өз кесибине болгон сүйүүнүн үлгүсү катары түбөлүккө сакталат.

Валентина Григорьевнанын сиңирген эмгеги мамлекет тарабынан бааланып, бир катар жогорку сыйлыктар менен ардак грамоталарга арзыган. 2016-жылы “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти”, 2021-жылы “Кыргыз Республикасынын эл артисти” наамдары ыйгарылган. Ошондой эле ушул жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

Анын өлкөбүздүн театр искусствосун өнүктүрүүгө кошкон салымы баа жеткис. Валентина Гилка сындуу өз кесибинин чебери республикабыздын сыймыгы болуп, актердук чеберчиликтин мыкты салттарын сактап, аларды келечек муунга татыктуу өткөрүп берген.

Маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындары менен туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, орду толгус жоготуунун оор кайгысын тең бөлүшөбүз.

С.Жапаров, А.Жапаров, С.Касмамбетов, Э.Байсалов, А.Эргешов, А.Жаманкулов, И.Удовиченко, В.Нефедов, К.Иманалиев, Г.Молдобекова, С.Аманова, А.Эргешов, Ж.Бакиров, Т.Казаков, Е.Кузнецов, А.Озубеков, Б.Куланбаев, Н.Абдыкадыров, Н.Асанбеков, А.Абдыкалыков, Садык Шер-Нияз, С.Суслова, С.Раев, Ж.Кулмамбетов, Т.Усубалиев, А.Текешев, З.Петренко, Л.Любомудрова, А.Адали, А.Кулинский, М.Алышбаев, К.Турапов, К.Осмонов, Т.Чокиев, М.Бектеналиев, А.Болгонбаев, Т.Тургунов ж.б.

Пикир

Оставить комментарий