• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Некролог — КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Жумаалы Момункулов дүйнө салды

Коом 0

Бишкек, 16.10.21. /Кабар/. Кыргызстандын маданияты орду толгус чоң жоготууга учурады. Узакка созулган оорудан кийин агартуучу, маданият тармагындагы искусство жана музей ишин өнүктүрүүгө өзгөчө салым кошкон Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, «Даңк» медалынын ээси Жумаалы Момункулов 84 жаш курагында дүйнө салды.

Момункулов Жумаалы Момункулович 1937-жылы Талас облусунун Талас районунун Көк-Ой айылында жарык дүйнөгө келген. Кыргыз мамлекеттик М.Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайын, Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. Окуу жайын аяктаган соң Токмок шаарындагы республикалык маданий агартуу окуу жайында, Фрунзедеги П.Шубин атындагы балдар музыкалык мектебинде, М.Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатында, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейинде, Кыргыз мамлекеттик М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайында жетекчилик кызматтарды аркалап, андан соң Кыргыз Республикасынын Маданият министринин орун басары болуп иштеди.

Момункулов Жумаалы Момункулович «Кыргыз композиторлорунун фортепьянолук чыгармалары» аттуу окуу китептин автору жана түзүүчүсү. «Ч.Айтматовдун чыгармалары сахнада», «Байыркы Кыргызстан», «Балдардын музыкалык билими», «Музей жана мезгил», «Музей. Жаңы формация: салттуулук жана жаңылануу» ж. б. китептеринин, бир топ макалалардын автору.

Жумаалы агайыбыз Мекен алдында өтөгөн татыктуу кызматы үчүн Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, «СССР маданиятынын отличниги», «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги» төш белгилери жана «Даңк» медалы менен сыйланган.

Момункулов Жумаалы Момункулович адамгерчилиги, кең пейилдиги, калыстыгы, ар бир кызматкерге жасаган адамгерчилик сапаты менен айырмаланган инсан, педагог, устат жана мыкты жетекчи катары замандаштарынын эсинде калды. Маданият кызматкерлери маркумдун үй-бүлөсүнө, бир туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Момункулов Жумаалы Момункуловичтин жаркын элеси эсибизде түбөлүк сакталат.

А.У.Жапаров, Э.Ж.Байсалов, А.К.Жаманкулов, Б.Ш.Секимов, С.А.Аманова, И.А.Балташев, М.А.Бектеналиев, С.Токтакунова, К.Сартбаева, М.А.Бегалиев, Т.М.Мураталиев, М.Байжиев, Т.Т.Казаков, К.О.Иманалиев, К.Ы.Турапов, К.Осмонов, М.Мамбетов, А.А.Борубаев, Г.Абдыкалыкова, А.Мамбетказиева, Р.Султангазиева

Пикир

Оставить комментарий