• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Аялдар кеңеши: Кара-Сууда туугандардын никеге туруусунан майыптыгы бар балдар төрөлүүдө

Коом 0

Бишкек, 07.06.22. /Кабар/. Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүнүн аялдар кеңешинин мүчөсү Таджихон Батырова “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында райондо туугандардын никеге туруусу көп кездешерин билдирди.

Айнын айтымында, аларга аял кайрылып, майып бала төрөгөнүнүн айынан үй-бүлө ажырашканын айткан. “Аны майып бала төрөдүң деп айыпташкан. Иликтөөдөн кийин алар туугандар болуп чыгышты. Биздин айыл өкмөттө мындай көп экен. Изилдөөдө 267 майып балдар бар экени белгилүү болду. Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары жана аялдар кеңеши тарабынан бул маселе боюнча тегерек стол уюштурулду. Азыр майыптыгы бар балдарды коляска менен камсыздоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө”, - деди ал.

Гавхар Хайдарова билим берүү мекемелеринде кыз-жигиттер менен жолугушууларды өткөрүп, тууган-туушканына никеге туруудан баш тартууга укугу бар экенин, мындай нике кесепети бар экенин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий