• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

10 ай ичинде Кыргызстандагы сууларга 28 млн чабак кое берилди

Коом 0

Бишкек, 02.12.22. /Кабар/. 2022-жылдын 10 айында Кыргызстандагы сууларга 28 млн чабак кое берилди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР Балык чарба департаментинин директору Эдил Ниязов билдирди.

Анын айтымында, чабактар Ысык-Көл, Соң-Көл көлдөрүнө жана Орто-Токой, Токтогул суу сактагычтарына кое берилет.

“2020-жылы 17 млн чабак кое берилсе, 2022-жылдын 10 айында эле 28 млн чабак кое берилди. Алар ак балык, кабык, сазан жана Ысык-Көл форелинин чабактары", - деди Ниязов.

Ал ошондой эле департамент менен келишимдик байланышта болгон чарба жүргүзүүчү субъекттер, жеке жана юридикалык жактар ​​тарабынан товардык балык өндүрүү 11 миң 83 тоннаны түзгөнүн белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий