• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Башкы прокуратура БУУ менен кызматташтыкты өркүндөтүүгө кызыкдар

Коом 0

Бишкек, 23.04.21. /Кабар/. КР башкы прокурорунун орун басары Рысбек Альчиев БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын Борбор Азиядагы аймактык өкүлү Ашита Миттал менен жолугушту. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө Альчиев башкы көзөмөл органы менен БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын аймактык бөлүмдөрүнүн ортосундагы кызматташуунун оң динамикасын белгилеп, башкы көзөмөл органы глобалдык чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөшүүдө, эл аралык аракеттерди консолидациялоодо БУУ БКБнын борбордук координациялык ролун ырааттуу колдоп келгендигин, ошондой эле БУУ БКБ платформасы - кылмыштуулукка каршы күрөшүү, тажрыйба алмашуу жана эл аралык кызматташуунун негизги багыттарын иштеп чыгуучу реалдуу мүмкүнчүлүк экендигин баса белгиледи

Өз кезегинде Миттал айым прокуратура органдарынын ийгиликтүү кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирип, укук үстөмдүүлүгүн илгерилетүүдө, эл аралык кызматташтыкты жана өз ара укуктук жардамды чыңдоодо, ошондой эле коррупцияга жана адам сатууга каршы күрөшүү жаатындагы эл аралык стандарттарды жүзөгө ашырууда КР Башкы прокуратурасынын өзгөчө ролун баса белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташтыкты мындан ары чыңдоого жана өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүүгө, анын ичинде коррупцияга каршы күрөшүү, уурдалган активдерди кайтаруу, адам сатуу, «КЖБР» Автоматташтырылган маалымат тутумун өркүндөтүү жана башка аймактарда прокуратура органдарынын ишине эксперттик жана техникалык колдоо көрсөтүү жагына көңүл бурулду.

Пикир

Оставить комментарий