• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ноокатта терроризм, экстремизм, коррупция жана адам сатууга каршы жүрүш болду

Аймак 0

Ош, 19.12.18. / Кабар/. Күн мурун Ош облусунун Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл аймагында жергиликтүү тургандар терроризм жана экстремизмге каршы жөө жүрүш өткөрдү.

Жөө жүрүштүн катышуучуларынын басымдуу бөлүгү жаштар болду. Анын максаты калкты терроризм, экстремизм, коррупция, үй-бүлөлүк зомбулук, эрте никеге туруу жана адам сатууга каршы күрөшкө үндөө.

Ошондой эле жергиликтүү театрда социалдык маанилүү темалар боюнча театралдаштырылган көрсөтүү болду.

Пикир

Оставить комментарий