• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Новиков: Бир да театрда мындан кийин спектаклдерди үзгүлтүккө учуратуу кайталанбашы керек

Өкмөт 0

Бишкек, 10.03.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Артём Новиков А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын жетекчилиги жана артисттери, ошондой эле Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жетекчилиги менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө өткөн ишембиде театрдын бир катар артисттеринин «Лебединое озеро» спектаклине катышуудан баш тартуусуна байланыштуу болгон окуянын себептери талкууланды.

«Спектакль үзгүлтүккө учурады. Бул окуядагы эң өкүнүчтүүсү жана ызалуусу жөнөкөй көрүүчү жабыркады, зал эстетикалык ырахат алууну каалаган адамдарга толгон болчу. Албетте, артисттердин да, театрдын жетекчилигинин да өз чындыгы бар. Бирок ушундай жагдайларга мындан ары жол бербөө керек. Мындай көйгөйлүү маселелерди көңүлдөн тышкары калтырбастан жана узакка создуктурбай чечүү зарыл», - деди Артем Новиков.

Биринчи вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт маданият тармагына жаңыча мамиле кылуу ыкмаларын киргизет.

Ал Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине театрдын артисттеринин жеке уюмдар менен биргелешип өткөрүлгөн спектаклдерге катышуу үчүн эмгек акысын жөнгө салуу маселесин мыйзамдык деңгээлде иштеп чыгууну тапшырды. Мекеменин кызматкерлеринин айлыгын төлөөгө сахнада ойноонун санын эске алуу менен дифференциялдык мамиле кылууну иштеп чыгуу боюнча тапшырмалар берилди.

Артем Новиков театрдын мурда берилген репертуарын калыбына келтирүүнү эске алуу менен спектаклдердин ар түрдүү жана кызыктуу программасын түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий