• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Новиков: Медиктерге компенсациялык төлөмдөр маселеси ачык-айкын чечилет

Өкмөт 0

Бишкек, 18.04.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков «кызыл зонадагы» иши үчүн бир жолку компенсацияларды төлөө, эмгек акынын өлчөмүн жогорулатуу маселеси боюнча мындан мурда митингге чыкккан республиканын ар кыл саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык кызматкерлери менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Белгиленгендей, медициналык кызматкерлердин бардык жактырылган билдирмелер боюнча бир жолку компенсациялар кепилденген түрдө төлөнүп берилет.Бул максатта республикалык бюджетте 200 млн сом каралган.

Артем Новиков билдиргендей, медиктерге компенсациялык төлөмдөр маселеси акыйкат жана ачык чечилет.

Билдирмелерди кароо боюнча комиссиянын курамы жаңыланат. Комиссия талаш жараткан билдирмелер боюнча кайрадан карап чыгып, кабыл алынган чечимдердин акыйкаттыгын иликтеп чыгат.

Жолугушууда жакында Өкмөт тарабынан кабыл алынган медициналык кызматкерлердин эмгек акысынын өлчөмүн жогорулатууга тийиштүү чечими түшүндүрүлдү.

Ошондой эле саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлери кызматтык милдетин өтөө учурунда аларга карата коркутуу, кол көтөрүү фактылары көбөйүп жаткандыгына байланыштуу кооптонуусун билдиришти. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине аталган маселени карап чыгып, медициналык кызматкерлер тарабынан кесиптик ишмердүүлүгүн аткаруу учурунда физикалык жана моралдык зыян келтиргендиги үчүн жарандардын жоопкерчилик чараларын күчөтүү боюнча сунуштарды киргизүүсү тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий