• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Новиков: Салык администрациясын санариптештирүү алкагындагы иш-чаралар белгиленген мөөнөттө өтүүсү тийиш

Өкмөт 0

Бишкек, 16.12.20./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков салык администрациясынын процедураларын санариптештирүүнүн жүрүшү тууралуу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кеңешменин жүрүшүндө «Бириккен пост» автоматташтырылган маалыматтык тутумун, КНС аналитикалык көзөмөл тутумун жана товарларды санариптик маркировкалоону (дары-дармек каражаттарын кошо алганда) ишке ашыруунун баскычтары талкууланды.

Ар бир маселе боюнча бетачарлар даярдалып, анын жыйынтыгы боюнча бир катар кемчиликтер аныкталды.

Премьер-министрдин м.а. белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү экономиканы санариптештирүү боюнча мамлекеттик программа алкагында ири долбоорлорду ишке киргизүү, анын катарында бизнестин ишин жаңы санариптик форматта жүргүзүү боюнча жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган салык процедураларын фискалдаштыруунун бир катар компоненттерин ишке киргизүү үстүндө иш алып барууда.

Артем Новиков көзөмөл-өткөрүү пункттарындагы «Бириккен пост» автоматташтырылган маалыматтык тутумунун пилоттук долбоорун ишке киргизүү боюнча канааттандырарлыксыз жүргүзүлүп жаткан ишке карата сын-пикирин билдирди.

«Биздин алдыбызда чек арадагы ыктымалдуу коррупциялык тобокелдиктерди жоюу боюнча маанилүү жана олуттуу милдет коюлган. «Бириккен пост» автоматташтырылган тутумун пилоттук режимде ишке киргизүү, ошондой эле бажы өткөрүү пункттарын жана салмак-габариттик көзөмөлдү автоматташтыруу тууралуу так милдет коюлган. Тилекке каршы, бүгүн биз Өкмөттүн чечимдери иш жүзүндө кандай аткарылып жаткандыгына күбө болдук. Мен салык, бажы, чек ара жана салмак-көлөмдүк бирдиктүү маалыматтык тутумдун өз мөөнөтүндө жана сапаттуу ишке ашырылышынын маанилүүлүгүн белгилеп кетким келет. 2020-жылдын 20-декабрында «Бириккен пост» автоматташтырылган тутуму «Чалдыбар - Автодорожный», «Ак-Тилек -Автодорожный», «Чоң-Капка – Автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пункттарында пилоттук режимде ишке киргизилиши керек. Аталган тутумдун аягына чейин иштелип чыкпаган компоненттери аны толук кандуу ишке киргизүүгө тоскоолдук келтирүүдө. Белгилей кетсем, автоматташтырылган тутум биринчи кезекте, салык кызматына керек, анткени, ал толук кандуу ишке киргизилгенде, коррупциялык тобокелдиктер жокко чыгарылат, ал эми чогултулган каражаттар республикалык бюджетти толтурууга багытталат», - деди ал.

Көчмө жыйындын соңунда жооптуу адамдарга карата тиешелүү чаралар көрүлдү. Жүктөлгөн милдеттенмелерин бир нече ирет аткарбагандыгы жана тийиштүү түрдө аткарбагандыгы, мурдагы тартиптик мүнөздөгү жазасы жоюлбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Автомобиль, суу транспорту жана салмак-тыш өлчөм көзөмөлдөө агенттигинин Чүй аймактык башкармалыгынын начальниги ээлеген кызматынан бошотулду. «Эркечтам» салмак-тыш өлчөм көзөмөлдөө пунктунун начальниги кызматтан төмөндөтүлүп, башка кызматка которулду.

Жалпысынан Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин тутумунда «Ак-Тилек» жана «Чалдыбар» транспорттук көзөмөл пункттарынын – 22 кызматкери, «Чоң-Капка» жана «Кызыл-Адыр» транспорттук көзөмөл пункттарынын 11 кызматкери ротацияланды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын өздүк курамынын кызматкерлерине карай кызматтык милдеттерин аткарууда кетирилген кемчиликтерине байланыштуу төмөнкүдөй чаралар кабыл алынды.

«Баткен» Бажы процесстери борборунун алдын ала бажы процедуралар тобунун «Кайрагач» өткөрүү пунктунун начальниги кызматынан төмөндөтүлүп, инспектор кызматына которулду.

Түштүк аймактагы бажы көзөмөлүн уюштурууну жетектеген «Ош» бажы процесстери борборунун начальниги кызматынан эки баскычка төмөндөтүлүп, башкы инспектор кызматына которулду.

«Достук» өткөрүү пунктунун начальниги кызматынан эки баскычка төмөндөтүлүп, алдын ала бажы процедуралар тобунун башкы инспектору кызматына которулду жана кызматын башка участокто аткарууга жөнөтүлдү.

«Достук» өткөрүү пунктунун башкы инспектор кызматын ээлеген калган жеке курамы ээлеген кызматынан төмөндөтүлүп, коштоо түзүмдөрүнө жана нөөмөт кызматына которулду.

Учурда аталган инцидент боюнча ички иликтөөлөр жана коррупциянын алдын алуу башкармалыгы тарабынан ички кызматтык иликтөө жүргүзүлүүдө жана текшерүү жыйынтыгы боюнча тийиштүү маалымат берилет.

Мындан тышкары, товарлардын киргизилишин эсепке алуу жана көзөмөлгө алуу маселелерин көзөмөлдөгөн салык түзүмүнүн кызматтык жактарына карата кызматтык иликтөө жыйынтыкталуу алдында турат. Кызматтык иликтөөнүн жыйынтары тууралуу кийинчирээк маалымдалат.

Артем Новиков белгилегендей, көзөмөл-өткөрүү пункттарындагы бардык өз ара аракеттенүү электрондук форматта гана жүргүзүлүшү керек.

«Долбоорду ишке ашырууда адам фактору толугу менен жок кылынышы керек. Товарга коштолуучу керектүү документтер бул кызматтардын жооптуу кызматкерлеринин алдында же алардын көзүнчө толтурулбашы керек, бардык иш-аракеттер контаксыз жүргүзүлүшү зарыл. Азыр тутум ишке кирсе дагы, кагаз түрүндөгү документтер колдонула берет деп 95% ишенем. Бул компонентти олуттуу түрдө иштеп чыгуу керек», - деп баса белгиледи Премьер министрдин м.а.

Артем Новиков кошумча нарк салыгы жана товарлардын санариптик этикеткасын көзөмөлдөөнүн аналитикалык тутумун (дары-дармектерди кошо алганда) талкуулоодо бул долбоорлорду өз убагында жүзөгө ашыруу керектигин белгиледи.

«Салыктык башкарууну санариптештирүүнүн алкагындагы бардык иш-чаралар өз мөөнөтүндө өтүшү керек. Бул тапшырмаларды кеч аткаргандыгы үчүн ар бир жетекчи жеке жоопкерчилик тартат», - деди ал.

Кеңешменин жыйынтыгында тармактык мамлекеттик органдарга учурдагы бардык техникалык көйгөйлөрдү чечүү, анын ичинде «Бириккен пост» маалыматтык тутумунун жана салмак-габариттик көзөмөлдөө тутумунун толук кандуу иштешин камсыз кылуу тапшырмасы берилди. Салык жана бажы кызматтарын кайра түзүү боюнча долбоорлорунун ишке ашырылышы туруктуу негизде көзөмөлгө алынат.

Пикир

Оставить комментарий