• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Новосибирсктен Бишкекке 176 кыргызстандык учуп келди

Коом 0


Бишкек, 22.04.20. /Кабар/. Бүгүн, 22-апрелде Новосибирсктен Бишкекке 176 кыргызстандык учуп келди. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Тышкы саясий ведомствонун маалыматына ылайык, COVID – 19 пандемиясына байланыштуу ар дайымкы аба каттамдар токтотулгандыгынан улам кыргызстандыктар Новосибирск – Бишкек багытында «Сибирь» (S7) авиакомпаниясынын чартердик борту менен учуп келишкен.

«Алгачкы кезекте улгайган адамдар, балалуу энелер, кош бойлуу аялдар, ден соолугу начар жарандар, административдик жазага тартылгандар (убактылуу атайын кармоочу жайларда кармалып жаткандар) жана Россиянын алыс жактарынан келген жарандар аталган рейс менен жөнөтүлгөндүгүн белгилей кетүү керек. Ошону менен бирге, Новосибирск аркылуу транзит жолу менен Въетнамдан 6 кыргыз жараны да келди. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Новосибирск областынын өкмөтүнө, «Сибирь» (S7) авиакомпаниясынын жетекчилигине, ошондой эле Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы элчилигине кыргыз жарандарын мекенине жөнөтүүдө көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирет. Ошондой эле Новосибирск областындагы кыргыз диаспоралык уюмдарга Кыргыз Республикасынын жарандарына берилген жардамына терең ыраазычылык билдирет», - деп айтылат маалыматта.

Республикалык штабдан кабарлашкандай, баарынын коопсуздугу үчүн 176 жүргүнчү аба майдандын имаратынын ичине кирбестен, перронунда тейленип, обсервацияга жөнөтүлөт. Новосибирскке Бишкектен Россия Федерациясынын 89 жараны учуп кетет.

Пикир

Оставить комментарий