• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Назарбаев казак өкмөтүнө: Силер министр эмес, коркоксуңар

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 30.01.19 /Кабар/. Силер өкмөт же министр эмессиңер, силер коркоксуңар, деди президент Нурсултан Назарбаев казак өкмөттүн кеңейтилген жыйынында, жазат informburo.kz.

"Банк түзүп, иштеп башташат. Эл ишенип, акчаларын алып келишет. Мамлекеттик тармак сымалдар акчаларын салышат. Андан кийин акционерлер уурдап башташат. Бизде бул үчүн түрмөгө отургузуу боюнча мыйзам жок. Алардын артынан кууп жүрөбүз. Данияр (Акишев), башың менен жооп бересиң. Сага мыйзам беришти. Мен өзүнчө көзөмөлдөөчү (орган) түзөйүн дегем, сен "жок" дедиң. Мына эми жооп бер", - деди Назарбаев өкмөттүн отурумунда.

Президент банкрот болуу кеңири таралган көрүнүш экенин белгиледи.

"Бул эмне деген? Каратып туруп. Биз эмне отурабыз? Бул кудуретсиздик болгонду көрсөтүп турат. Экономиканы банкроттордон тазаламайынча биз өнүгө албайбыз. Өкмөт да, банктар да аксай берет", - деди ал.

Назарбаев банктардан акчанын чыгарып кетүү маселесин чечүүгө аракет кылбай жатканын белгиледи.

"Силер өкмөт, министр эмес, коркок экенсиңер! Силер эмнеге иштеп жатасыңар? Баардык банктарды тазалагыла. Бул өкмөт ишин ак ниет менен аткарды деп эсептейбиз. Ошону менен кызматыңардан кеткиле", - деди президент.

Президент бир ишкананын экономикалык кудуретсиздиги башка субъекттердин каржы абалына таасирин тийгизип жатканын жана банкротчулук экономиканы "ийкемдүү" кылууга жол ачып жатканын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий