• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Оңдоо иштерине байланыштуу Эркиндик бульварынын чыгыш бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат

Коом 0

Бишкек, 05.06.18. /Кабар/. Бишкекте 5-июндан тарта оңдоо иштерине байланыштуу Эркиндик бульварынын чыгыш бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Чүй проспектисинен Түгөлбай-Ата (Линейная) көчөсүнө чейин оңдоо иштери жүрүп, жаңы тосмолор орнотулат.

Аталган тилкеде оңдоо иштерин үстүбүздөгү жылдын 5-августунда аяктоо пландалууда.

Бишкек шаарынын мэриясы ыӊгайсыздыктарды келтиргендиги үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт жана айдоочуларды алдын ала жол тандап алууларын өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий