• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Оксфорд университетинде кыргыз тилин окуткан курс ачылат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 07.03.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Улуу Британиядагы иш сапарынын алкагында аталган өлкөнүн парламентиндеги Кыргызстан боюнча партиялар аралык парламенттик топтун жетекчиси Роберт Стюарт менен жолугушту.

Парламенттин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмүнөн билдиришкендей, жолугушууда парламенттер аралык байланыштын учурдагы абалы талкууланып, кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүү маселелери талкууланды.

Төрага Нурланбек Шакиев быйыл эки өлкө ортосундагы дипломатиялык алакалардын түзүлгөндүгүнө 32 жыл толгондугун эске салып: "Бул убакыт аралыгында үзгүлтүксүз диалог калыптанып, мамлекеттер аралык байланыш түптөлдү. Бирок ал реалдуу мүмкүнчүлүктөрдү камтыбайт. Андыктан, кызматташтыкты дагы күчтөндүрүп, соода-экономикалык жана инвестициялык өнөктөштүктү өнүктүрүүбүз кажет. Кыргызстан энергетика, тоо-кен жана туризм жаатында Британиянын ишкерлери менен кызматташууга кызыкдар", – деди.

Ошондой эле коюлган максаттарга жетүүдө парламенттик дипломатиянын салымы чоң экенин айткан төрага тармактык комитеттердин, достук топторунун алкагындагы байланыштары чыңдоо зарылчылыгына токтолду.

Андан тышкары, тарыхый сапардагы маанилүү маалымат катары Оксфорд университетинде кыргыз тилин окууну каалагандар үчүн курс ачылары айтылды.

Төрага Нурланбек Шакиев аталган демилгеге жогору баасын берип, байыркы элдердин бири саналган кыргыз калкынын тилин окуткан курстун ачылышы эки тараптуу алакаларды чыңдоодо гана эмес, эл аралык байланышты арттырууда да өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.

"Биз кыргыз тил курсун колдойбуз жана бардык керектүү жардамдарды көрсөтөбүз. Келечекте аталган курс тилди гана үйрөтпөстөн, кыргыз маданиятын жана баалуулуктарын таанытууга да көмөкчү болот деген ишеничтебиз", – деди ал.

Өз кезегинде Улуу Британиянын парламентиндеги Кыргызстан боюнча партиялар аралык парламенттик топтун жетекчиси Роберт Стюарт да өнөктөштүктү өнүктүрүүдө парламенттердин ролу чоң экенин белгилеп, биргешкен долбоорлорду ишке ашыруу жаатындагы пикирлери менен бөлүштү.

Кошумчалай кетсек, жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары Улан Примов, Жанарбек Акаев, Лейла Лурова, Эльдар Сулайманов, Жылдыз Садырбаева жана Улуу Британиянын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Николас Боулер катышты.

Андан соң Төрага Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Улуу Британиянын Премьер-министри Риши Сунактын катышуусундагы Общиналар палатасынын жыйынына байкоо салышты.

Пикир

Оставить комментарий