• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Некролог - Коомдук ишмер, окумуштуу-педагог, профессор Жангороз Каниметов мезгилсиз дүйнө салды

Коом 0

Бишкек, 15.07.20. /Кабар/. 2020-жылдын 15-июлунда белгилүү коомдук ишмер, окумуштуу-педагог, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, Эл аралык педагогикалык билим берүү академиясынын академиги (Москва, МАНПО), педагогика илимдеринин доктору, профессор Жангороз Каниметов мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Жангороз Каниметов 1950-жылы 30-мартта Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Токтоян айылында туулган.

1966-жылы Караколдогу Киров атындагы орто мектепти бүтүрүп, 1971-жылы Пржевальск мамлекеттик педагогикалык институтун аяктап, Түп районундагы Каркыра, Арал, Кайкин атындагы орто мектептердин директору, Ак-Суу райондук элге билим берүү бөлүмүнүн башчысы, Кыргыз ССРинин Элге билим берүү министрлигинин мектептер башкармалыгынын башчысы, Ысык-Көл облустук билим берүү башкармалыгынын башчысы, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары, И.Арабаев атындагы КМУ, Кыргыз-Түрк Манас университетинин профессору, Ала-Тоо эл аралык университеттеринде проректор кызматтарын аткарып келген.

1995-2000 жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынына, 200-2005-жылдары Жогорку кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынына жана 2007-2010-жылдары Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып, эки чакырылышта (1995-2005) Жогорку Кеңештин билим, илим жана маданият комитетинин төрагасы болуп иштеген.

«Мугалимдердин статусу» (2000), «Билим берүү жөнүндө» (2003), «Экологиялык-экономикалык Ысык-Көл системасынын туруктуу өнүгүшү жөнүндө» (2004) Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары жана башка мыйзамдарга демилгечи болуп, Ж.Каниметов аны Жогорку Кеңеште мыйзамдын автору катары коргогон. Бул мыйзамдар бүгүн улуттук билим берүүнүн базалык-укуктук документи катары кызмат кылууда.

Жангороз Каниметов «Манас-1000», «Даңк» медалдары, Кыргыз ССРинин, СССРдин «Билим берүүсүнүн отличниги», КР Жогорку Кеңешинин бир нече ардак грамоталары менен сыйланган, «Кыргыз Республикасынын Эмгек сиӊирген мугалими» деген ардактуу наамдарга татыктуу болгон. Ал К.Карасаев, Т.Сыдыкбеков медалдарынын ээси.

Ж.Каниметов Кыргыз Республикасынын II класстагы мамлекеттик кеңешчиси, Ысык-Көл облусунун, АКШдагы Флорида штатынын ж.б.өлкөлөрдүн ардактуу атуулу жана бир нече университеттердин ардактуу профессору.

Жангороз Каниметовичтин үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз жана аза кайгысын бөлүшөбүз.

Исаков К.А., Ташиев Ж.А., Өмүров Н.К., Жусупбекова Н.С., Жуматаев М.С., Токтомаметов А.Д., Токтогулов А.Т., Мусаев А.И., Жаманбаев М.Ж., Садыков К.Ж., Нургазиев Р.З., Кожобеков К.Г., Абдрахманов Т.А., Абдыкалыков А.А., Кудайбергенова И.О., Абдылдаев К.К., Иманалиев Т.Т., Эрдолатов С.С.

Пикир

Оставить комментарий