• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Окуучулар экологиялык туруктуулук боюнча долбоорлорду сунуштоону үйрөнүүдө

Билим 0

Бишкек, 12.09.23. /Кабар/. 8-10-сентябрда Нарын шаарында "Жаштардын климаттын өзгөрүшүнө каршы иш-аракеттери" аталышындагы конференция өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Конференцияда Нарын облусунун Орто-Нура айылындагы Б. Бекжанов атындагы мектептин, Жерге-Тал айылындагы А.Табалдиева атындагы орто мектебинин, Миң Булак айылындагы Актан Тыныбек атындагы орто мектебинин жана Дөбөлү айылындагы О.Токтосунов атындагы орто мектептин окуучулары экологиялык туруктуулук жана финансылык натыйжалуулук боюнча инновациялык долбоорлорду сунуштады.

Мыкты деп таанылган команда экологиялык маселелерди чечүүгө кошкон салымы үчүн баалуу белектерге жана акчалай сыйлыкка ээ болду.

Иш-чаранын негизги максаты – жаш муунду курч экологиялык көйгөйлөр, анын ичинде глобалдык жылуулук жана климаттын өзгөрүшү боюнча маанилүү түшүнүктөр менен тааныштыруу

Пикир

Оставить комментарий