• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош: 10 миң түп павловния көчөтү бир күндө отургузулат

Аймак 0

Бишкек, 17.02.22. /Кабар/. Ош шаарында 10 миң түп павловния көчөтү бир күндө отургузулат.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, шаардын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев коммуналдык жана социалдык мекемелердин өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өткөрдү. Анда Мэр Алмаз Мамбетовдун тапшырмасына ылайык, жакынкы күндөрү 10 миң түп павловния дарагынын көчөтүн бир күндө отургузуу маселеси тууралуу сөз жүрдү.

Жаз мезгилиндеги көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерине карата алдыңкы убакытта павловния көчөтү алынып келинет. Андыктан бул ишти жапырт колго алуу боюнча тапшырмалар коюлду.

Пикир

Оставить комментарий