• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош базарынын айланасындагы башаламан соода-сатык тазаланды

Коом 0

Бишкек, 15.10.21. /Кабар/. Бишкекте "Ош Базары" соода оюн-зоок комплексинин аймагында башаламан сооданын алдын алуу жана жоюу боюнча иштер улантылууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мэрия бул ишти Ленин акимиаты «Тазалык» муниципалдык ишканасынын, жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын, «Шумкар» атайын бөлүмүнүн, Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүүдө.

Рейддин жыйынтыгында арабалар, чатырлар, столдор, отургучтар алынды.

Ошондой эле соодагерлер менен базардын белгиленген чегинен тышкары коммерциялык ишмердүүлүктү ишке ашырууга жол бербөө тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, рейддик иш-чаралар муниципалдык администрация тарабынан үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келет.

Пикир

Оставить комментарий