• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Конрад Аденауэр фондунун ортосундагы кызматташтык талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 15.10.21. /Кабар/. 2021-жылдын 12-октябрында Кыргызстандын Германиядагы элчилигинин кеңешчиси Азамат Алмакунов Конрад Аденауэр атындагы фонддун “Азия жана Тынч океан региону” департаментинин жетекчиси Петер Хефеле жана Кыргызстандын куратору Карстен Грабов менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун алкагында Кыргызстан менен аталган саясий фонддун ортосундагы кызматташууну өнүктүрүү тууралуу пикир алмашуу болду.

Фонддун өкүлдөрүнө 2021-жылдын 5-ноябрында Кыргызстанда боло турган «Европа Бирикмеси - Борбордук Азия» Биринчи Экономикалык форумдун өтүшү жана 2022-жылы белгилене турган Кыргызстан менен Германиянын дипломатиялык алакаларынын түзүлгөнүнүн 30 жылдыгы тууралуу маалымат берилди.

Пикир

Оставить комментарий