• 88.68
  • 95
  • 0.95

Тайырбек Сарпашев кызматташуудан баш тарткары үчүн камакка алынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.10.21. /Кабар/. Кечээ, 14-октябрда, Биринчи май райондук соту мурдагы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевди камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасын тандады.

Райондук соттун басма сөз кызматы билдиргендей, Сарпашев түзүлгөн кызматташуу келишими боюнча алынган милдеттенмелерди аткарбагандыгына байланыштуу ал сотко чейинки өндүрүш иши аяктаганга, тактап айтканда, 30-ноябрга чейин камакта болот.

“Буга чейин Сарпашев менен кызматташуу келишими түзүлгөнүнө байланыштуу анын баш коргоо чарасы камакка алуудан сыртка чыкпоо боюнча тил катка өзгөртүлгөн”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Тайырбек Сарпашев “Кумтөр” иши боюнча 18-июнда кармалган.

Пикир

Оставить комментарий