• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Президент Жапаров КМШ саммитинде чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоону эртерээк бүтүрүү зарылдыгына токтолду

Президент 0

Бишкек, 15.10.21. /Кабар/. «Өз ара ишенимдин жана ынак коңшулук духунда өлкөлөрүбүздүн мамлекеттик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо процессин эртерээк бүтүрүү биз үчүн маанилүү милдет болуп саналат», - деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-октябрда, видеоконференция форматында өтүп жаткан Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынында.

Мамлекет башчысы белгилегендей, 1991-жылдын 8-декабрындагы КМШны түзүү жөнүндө келишим жана 1991-жылдын 21-декабрындагы Алма-Ата декларациясы, ошондой эле 1994-жылдын 15-апрелиндеги Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө-мамлекеттердин эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн жана чек араларынын кол тийбестигин сактоо боюнча Москва декларациясы сыяктуу документтерде коюлган максаттар жана принциптер бүгүнкү күндө мурда болуп көрбөгөндөй актуалдуу.

«Биз регионалдык коопсуздукту камсыз кылуу жана мамилелерди мындан ары өнүктүрүү үчүн болгон келишпестиктерди тынчтык жолу, саясий-дипломатиялык ыкмалар менен чечүүнү жактайбыз», - деп баса белгиледи президент Садыр Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий