• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

КР президенти КМШ жана башка уюмдардын байкоочулар миссиясын ЖКнын шайлоолоруна мониторинг кылууга чакырды

Президент 0

Бишкек, 15.10.21 /Кабар/. «Жарандардын шайлоо укуктарын жана эркиндиктерин камсыздоо жана коргоо өлкөнүн демократиялык өнүгүүсүнүн маанилүү принциптеринен болуп саналат», - деп белгиледи Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-октябрда, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) мамлекет башчыларынын Кеңешинин видеоконференция режиминде өткөн кезектеги жыйынында.

Мамлекет башчысы, Кыргызстан Шериктештиктин КМШ өлкөлөрүндөгү шайлоо процесстерине мониторинг жүргүзүү боюнча ишмердүүлүгүнө өзгөчө маани берерин белгиледи.

Ал 2021-жылдын 28-ноябрында Кыргызстанда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо белгиленгенин маалымдады.

«Салтка айлангандай КМШ байкоочуларынын миссиясы жана башка уюмдардын байкоочулары биздин өлкөбүздөгү парламенттик шайлоолорго мониторинг жасоого активдүү катышат деген ишеничтемин», - деп билдирди президент Садыр Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий