• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош облусунан Лейлек районуна 100 тонна цемент жеткирилди

Аймак 0

Бишкек, 20.05.21. /Кабар/. Баткен облусунун Лейлек районунун Максат айылындагы үйлөрдү кайра калыбына келтирүүгө Ош облусунан жардам жеткирилди. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун башчысы Жарасул Абдураимовдун демилгеси жана “ЮКЦ” цемент заводунун колдоосу менен жалпы 100 тонна цемент Лейлек райондук администрациясына тапшырылды.

Белгилей кетсек, буга чейин Баткен элине Ош облусунан жана райондорунан жалпы 5 миллион сомдук 100 тонна азык-түлүк, аймактагы ишкерлердин демилгеси менен акчалай жардам жиберилген.

Пикир

Оставить комментарий